Сотто Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы 3-октябрдагы митингде курал алып жүрбөгөнүн айтты

Бүгүн, 7-февралда өтүп жаткан "ата журтчу" 3 депутат боюнча сот ишинде депутат Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы Зайырбек Садырбаев төмөнкүлөрдү билдирди: “Биз "25-сентябрь күнү митинг тууралуу сүйлөшүү болгон" деген сөздү бүгүн угуп жатабыз. Бул күнү мен Кара-Балта шаарында болчумун, ал жактан мени көргөн күбөлөр да бар. Тергөөдө бул тууралуу суралган эмес”. Айыпталуучу жан сакчы 3-октябрда өз милдетин аткаргандыгын жана жан сакчыларда курал болбогонун айтты. “Бир дагы жан сакчынын колунда курал-жарак болгон эмес, анткени ал тынчтык митинги болчу”,- деди Садырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан