Ысык-Ата районунда "жашы жете элек кызды зордуктаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 39 жаштагы Т.Р. аттуу айым кайрылган. Анда ал 2014-жылдын 10-ноябрында белгисиз эки адам 15 жаштагы кызын күч колдонуп зордукташканын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде шектүү катары 20 жаштагы Ж.Б. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.