Жылнаама, 25-январь: Мындан 110 жыл мурун Түштүк Африкада эң чоң алмаз табылган

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Каныбек Осмоналиевге I даражадагы Манас ордени ыйгарылган. 2013-жыл - Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты болуп өткөн. Салтанаттын жүрүшүндө оор атлетика боюнча “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев спорттун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого салым кошкондугу үчүн I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы Марал Койчукараева Ош шаарында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетине врач-ветеринар адистиги боюнча тапшырып, аны менен катар кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасында Асел аттуу кыздын ролун жараткан. Ал бул ролунан кийин "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер актрисасы" деп табылган. Жаш актриса ошол Аселдин ролу аркылуу көпчүлүккө таанылган. Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбеков ("Ээнсиреген үй" тасмасында Мараттын ролун жараткан) 2014-жылы 14-апрель күнү расмий түрдө никеге турушкан.
* Мындан 110 жыл мурун, 1905-жылы 3106,75 караттан турган эң чоң алмаз Түштүк Африкада "Premier Mine" шахтасында табылган. Адистердин болжомолдоруна караганда, ал чоң кристаллдын сыныгы болгон. Табылган алмаз кендин кожоюну деп эсептелген Томас Куллинандын атынан “Куллинан” деп аталып калган. 
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы америкалык ырчы, пианист, акын жана композитор Алиша Киз Нью-Йоркто туулган. Алиша 16 жашында Колумбия университетине тапшырып, эки аптадан кийин ырчылык карьерасы үчүн окуусун таштаган. Ритм-энд-блюз, соул жана неосоул стилдеринде ырдаган Алиша Киз көптөгөн сыйлыктардын ээси. Мисалга алсак, "American Music Awards" сыйлыгына 5 жолу татыса, "Billboard Music Awards" сыйлыгына 10 жолу жеткен, "MTV Video Music Awards" сыйлыгынын 4 жолку ээси ж.б. Андан сырткары Алиша 14 "Грэммини" өз капчыгына салган.
25-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан