Аба ырайы, 24-январь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

24-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -11°C

Талас облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -13°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -6°C

Баткен облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -9°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -16°C

Бишкек шаары. Күндүз -6°C, түнкүсүн -9°C

Эскертүү! 23-январдан 27-январга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас жолунун (198-210-чакырымы, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун (62-100-чакырымы), Каракол - Эңилчек жолунун (45-90-чакырымы), Казарман - Ак-Тал-Чат жолунда (67-94-чакырымы, Кара-Коо ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Muzik
2015-01-24 11:14:00
Январдын 20 сынан кийин кун ысып жаз жыттана баштайт дешпеди беле Дастан Сарыгулов дагы бир топ билермандар.
0
temirov76
2015-01-24 19:37:31
Наоборот айтып алгандар окшойт да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан