Аба ырайы, 25-январь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

25-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -15°C

Талас облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -17°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -7°C, түнкүсүн -10°C

Баткен облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -11°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -13°C

Нарын облусу. Күндүз -15°C, түнкүсүн -26°C

Бишкек шаары. Күндүз -7°C, түнкүсүн -12°C

Эскертүү! 23-январдан 27-январга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас жолунун (198-210-чакырымы, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун (62-100-чакырымы), Каракол - Эңилчек жолунун (45-90-чакырымы), Казарман - Ак-Тал-Чат жолунда (67-94-чакырымы, Кара-Коо ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
temirov76
2015-01-24 19:41:00
Урааа кыш эми келди окшойт,кар чындап эми жаай баштады.
0
taku0214
2015-01-24 23:22:58
Кыштын кыштай болгону жакшы.
0
sagyn01
2015-01-25 11:23:26
Нарын ото суук екен
0
Lavanda
2015-01-25 12:31:33
Жаа, жаай бер, аппак кар, ак кар сенде алтын бар.
0
danyshman
2015-01-25 13:40:20
Эки уч кундон бери кутуп жатам,Баткен тарапка эч эле жаабай жатат го.
0
temirov76
2015-01-25 14:11:31
Баткенге озу негизи кар жаасада турбай эрип кетет да
0
chon-alai90
2015-01-26 01:44:46
Алла билет жайбы жаабайбы бир гана анын колунда антип айтканга болбойт жайт деп .мусулман бир туугандарым эртен не болорун билбейбизго.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан