Аба ырайы, 26-январь: Өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт

26-январда айрым аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -18°C

Талас облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -20°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C

Баткен облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -15°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -13°C

Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C

Бишкек шаары. Күндүз -9°C, түнкүсүн -17°C

Эскертүү! 23-январдан 27-январга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас жолунун (198-210-чакырымы, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун (62-100-чакырымы), Каракол - Эңилчек жолунун (45-90-чакырымы), Казарман - Ак-Тал-Чат жолунда (67-94-чакырымы, Кара-Коо ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beku85
2015-01-25 17:38:35
азыр эле жаан чачын болбойт деди элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан