Бүгүн, 7-февралдагы ЖКнын жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы заяндуу заттарды көмүүчү жайлар тууралуу маселе көтөрдү. Анын айтымында, өлкө аймагында мындай жайлардын саны 92ни түзөт.
“Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында Туюк-Суу деген зыяндуу калдыктарды көмгөн жай бар. Бул аймакта жыл сайын жер көчкү жүрүү коркунучу жаралып келет. Мындай кооптуу жерлер өлкөдө көп”,- деди депутат. Эл өкүлү өкмөт бул боюнча чара көрүш керектигин эскертти.