Ысык-Ата районундагы ишканалардын биринен түтүнгө ууланып каза тапкан селсаяктын жансыз денеси табылды

Ысык-Ата районундагы ишканалардын биринен түтүнгө ууланып каза тапкан селсаяктын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы "Кооператив-13” темирден буюм жасоочу ишканасынын кароолчусу В.И. аттуу жаран жумушчулар жылынуучу темир үйгө 74 жаштагы Ю.С. аттуу селсаякты жылынып алуу үчүн киргизип койгон. Натыйжада жылытуучу мешке жууркан түшүп күйүп, селсаяк түтүнгө ууланып каза болуп калган. Өрт электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан