Борбор калаада тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды

Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 18-декабрында милицияга арыз менен 36 жаштагы Г.Ильдар жана 43 жаштагы В.Вячеслав аттуу жарандар кайрылышкан. Анда алар борбордогу кафелердин биринде отурган учурда белгисиз жарандар күч колдонуу менен алардын жалпы суммасы 25 миң сомду түзгөн буюмдарын алып кетишкендигин айтышкан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы У.Рустам, 23 жаштагы М.Канатбек жана И.Нурлан аттуу жарандар кармалышты. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, иликтөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан