Бишкекте "батирге кирип, күч колдонуу менен тоногон" деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында "батирге кирип, күч колдонуу менен тоногон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы М.Гүлназ аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 17-январь күнү эртең мененки саат 06:00 чамасында белгисиз жаран анын батирине кирип, күч колдонуп, коркутуу жолу менен 17 миң сомдук буюмдарын алып кеткенин айткан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Нуржан аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, иликтөө иштери жүрүүдө.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан