Өткөн жылы өлкө аймагында 17 863 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Адилбек Ботобаев билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 12 864 кылмыштын бети ачылып, 4998 кылмыштын бети ачылган эмес. Алсак, Бишкек шаарында - 2598, Ош шаарында - 275, Чүй облусунда - 1374, Ысык-Көл облусунда - 290, Нарын облусунда - 41, Ош облусунда - 113, Жалал-Абад облусунда - 153, Талас облусунда - 41, Баткен облусунда - 93.