2014-жылы ар кандай оор кылмыштарга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтордун 190 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январдагы маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов билдирди.
Анын айтымында, К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 82, А.Бокушевдин 3, А.Батукаевдин 7, М.Абакировдун 9 жана ар кандай кылмыштуу топтордун 89 мүчөсү кармалган. Учурда алар Кылмыш-жаза кодексинин ар кандай беренелери боюнча жоопко тартылууда. Аларды кармоо учурунда 6 ок атуучу курал, 2 даана жарылуучу зат, 112 ок-дары алынган.