Акыркы суткада өлкөдө 14 өрт кырсыгы катталып, Таластагы үйлөрдүн биринен 0,5 тонна койдун жүнү күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Панфилов районуна караштуу 1-Май айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Өрттүн кесепетинен 35 чарчы метр бастырманын чатыры, 120 түк саман толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн жер төлөсүндөгү 500 килограмм койдун жүнү күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан