Ысык-Ата районунда зордуктоого шектелген 2 жаран кармалды
Ысык-Ата районунда зордуктоого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну кайрылган. Анда ал Урмат жана Нурболот аттуу чала тааныштары күч колдонуу менен аны жаңы салынып жаткан үйгө алып кирип зордукташканын айткан. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.