Бишкекте сатуучулардан ири суммадагы товарларды алып качып кеткенге шектүү айым кармалды

Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген 2 айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы К.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Сауле жана Карина аттуу чала тааныштары анын ишенимине кирип, 6 миң долларга товар алып изин суутуп кетишкенин айткан. 
Ошондой эле милицияга арыз менен дагы бир 41 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран кайрылган. Ал да Карина аттуу чала таанышы 112 700 сомдук товар алып кеткенин айткан. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы И.С. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.  
  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан