22 жаштагы колумбиялык Паулина Вега "Аалам периси-2014" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Майамиде өткөрүлгөн сынакка дүйнөнүн төрт тарабынан келишкен 87 сулуу ат салышкан. Ал эми "Вице-мисс" наамдарына америкалык Ниа Санчес, украиналык Диана Гаркуша татыктуу болушту.
Паулина Вега 1993-жылы 15-январда Колумбиянын Барранкилья шаарында туулган. Ал испан, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. 8 жашынан бери модель болуп иштеп келген ал учурда жогорку окуу жайында бизнес башкаруу адистигине окуйт.
"Аалам периси-2014" аталган Паулина сулуулук сынагына акыркы жолу катышып жатканын белгилеп өттү.