Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы
Т.Зухра аттуу жаран кайрылган. Анда ал Көлбаев көчөсүнөн белгисиз жаран күч колдонуу менен анын 10 миң сомдук уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 37 жаштагы
К. Александр аттуу жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, иликтөө иштери жүрүүдө.