Бүгүн, 7-февралдагы "ата журтчу" депутаттар боюнча өтүп жаткан сот жыйынында Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жабырлануучулардын арызын иликтеген тергөөчү жок экендигин айтып, "3-октябрдагы митингде 14 адам жабыркаган" деген айыптоого макул эместигин билдирди. Анын айтымында, аталган окуядан жабырлануучу катары бир да жаран арыз жазган эмес. Буга байланыштуу "жабыр тарттык" деген адамдарды тизмеден чыгарууну сунуштады жактоочу.