Сокулук районунда мал уурулукка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 44 жаштагы Г.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2014-жылдын 28-декабрында короосуна белгисиз бирөө кирип, уюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Ф.Иван кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.