Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 7 жол кырсыгы катталып, 8 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-январда саат 14:30 чамасында борбордун Лермонтов көчөсүндө Венто үлгүсүндөгү унаа менен Даймлер үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Натыйжада Венто унаасынын 19 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ошондой эле саат 19:00 чамасында Каракол шаарында жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен Фолксваген Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун 6 жаштагы кызы жаракат алып, ооруканага кайрылган. Аталган фактылар боюнча материалдар Жол-күзөт кызматынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.