Ысык-Ата районунда тургундун мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Люксембург айылынын 44 жаштагы тургуну А.Русландын үйү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында бөтөлкөгө салынган 530 грамм маңзат табылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.