Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектелип эки кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 22 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал өткөн жылдын декабрь айында белгисиз адамдар Москва көчөсүндө токтоп турган жеңил унаасын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы эки кыз кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.