Аба ырайы, 27-январь: Өлкө аймагында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт

27-январда түнкүсүн айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -20°C

Талас облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -25°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -12°C

Баткен облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -16°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -14°C

Нарын облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -29°C

Бишкек шаары. Күндүз -7°C, түнкүсүн -17°C

Эскертүү! 

27-январга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас жолунун (198-210-чакырымы, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун (62-100-чакырымы), Каракол - Эңилчек жолунун (45-90-чакырымы), Казарман - Ак-Тал-Чат жолунда (67-94-чакырымы, Кара-Коо ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан