КРнын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Салык кызматынын 6 өкүлү боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 7-февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Бактыбек Аширов ЖКнын жыйынында билдирди. Маалым болгондой, бул 6 адамга өлкө казынасына 10 миллион сомдук зыян алып келгендиги үчүн иликтөө жүрүүдө. "Тергөө иштери аяктагыча булардын аттары аталбайт",- деди Аширов.