* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы Ленинград шаарынын 900 күндүк блокадасынын соңуна чыккандыгын айгинелеген артиллериялык салют аттырылган. Мындан улам бул күн Орусия аскеринин даңкы катары белгиленип келет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин Ленинград шаары фашисттердин курчоосунда турган. Курчоодо 2 миллион 544 миң жаран калып, анын 400 миңге жакыны жаш балдар болгон. Ачарчылыктан 640 миң адам көз жумган. Бирок шаардыктар каармандык көрсөтүп, душманга баш ийип беришкен эмес.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы кыргызстандык спортчу
Абдыназар Купуев 74 килограмм салмакта уруш түрүндөгү самбо боюнча Казакстандын президентинин байгесине арналган Дүйнө Кубогунда алтын медаль тагынган. Абдыназар Купуев Заур Азизов (Орусия), Истам Кудратов (Өзбекстан) жана Темирлан Ишангалиев (Казакстан) сыяктуу спортчуларды жеңген. Ал эми мелдешке жалпысынан 17 өлкөдөн 300 спортчу катышкан.

Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы Москвада
Лениндин күмбөзү ачылган. Пролетариаттын улуу жол башчысы В.И.Ленинди акырет жайына коюу салтанаты 1924-жылы 23-январда өткөн. Расмий коштошуу 5 күн, 5 түнгө созулган. 27-январда жол башчынын бальзамдалган денеси Кызыл аянтта атайын тургузулган күмбөзгө жайгаштырылган.