Ысык-Ата районундагы өрт кырсыгынан 2 жашар наристе каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, турак үйдүн уктоочу бөлмөсүндө өрт чыккан. Анын кесепетинен 1952-жылы туулган Айша Хусеинова оң колунан, оң жамбашынан, оң бетинен күйүк алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми 2013-жылы туулган Амиранын денесинин 90 пайызы күйүп, ооруканага жетпей каза тапкан. Өрт кырсыгынын келип чыгышына тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон.