Адамдарды аруулукка чакырган "Орхидея" тасмасынын бет ачары өтүүдө

Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Орхидея" мелодрамасынын бет ачары өтүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, башкы каармандар жана көрүүчүлөр катышууда.

Тасмада алгачкы жолу башкы каармандын ролун жараткан Айнура Бекбоева SUPER.KG порталына фильм жөнүндө ой бөлүштү.

"Тасмада менин каарманымды жигити үйүнө ата-энеси менен тааныштырганы алып барат. Жигитинин атасы да кызды сүйүп жүргөн адам болуп чыгат. Болочоктогу жолдошу менен анын атасынын ортосунда ойногон эки жүздүү каарманымдын анык жүзүн акырына чейин эч ким билбейт. Образымды ачып берүүгө болгон аракетимди жумшадым. Канчалык деңгээлде аткарганымды кино сүйүүчүлөр таразалашсын",- дейт актриса.

Тасманын режиссёру – Бакыт Мурат, сценаристи – Абдулалим Мамадалиев, оператору – Чыңгыз Сулумбеков, башкы каармандар – Нишанбай Топчубаев, Айнура Бекбоева, Равшан уулу Амантур, Нурбакыт Абылкасымов.

Адамдарды аруулукка чакырган "Орхидея" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jigit.85
2015-01-27 15:04:19
А мага каталея деген гул жагат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан