Акыркы суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды, Кара-Балта шаарындагы ишканалардын биринен 1 тонна пияз күйдү

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы жеке менчик ишканалардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен ишкананын кампасынын 450 чарчы метр жыгач менен капталган дубалы, шыбы жана 1 тонна пияз толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен 7 батирлүү барак тибиндеги турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры, үй оокаттары толугу менен күйүп, 60 чарчы метр шыбы түшүп калган. Учурда батирдин ээлери, ошондой эле өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан