Борбор калаада жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КРнын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ саат 14:30 чамасында борбордогу №6-төрөт үйүнүн жанынан болгон. Анда белгисиз айдоочу 72 жаштагы жөө карыяны сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Жаракат алган пенсионер Улуттук госпиталга жеткирилген.