Борбордо алдамчылыкка шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы Д.Г. аттуу айым кайрылган. Анда ал Мадина аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен 2 жыл аралыгында 300 миң долларлык товар алып, акчасын бербей жатканын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы А.М. аттуу айым кармалды. Учурда бул иш боюнча материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.