Бишкек шаарында "кардарга утуп алган акчасын бербей койгон" деген шек менен оюн-зоок клубдарынын биринин администратору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 40 жаштагы С.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал бинго-клубдардын биринен утуп алган 430 миң сомун клубдун администратору ар кайсы шылтоо менен бербей жатканын айткан. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.