Борбор калаада "дүкөндөн күрмө уурдаган" деп шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы К.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 25-январь күнү саат 16:30 чамасында борбордогу дүкөндөрдүн биринен белгисиз жарандар 2600 сомдук 2 күрмөнү уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы И.С. аттуу айым кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.