Өткөн аптада ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) президенти Йозеф Блаттер менен КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов жана башкы катчы Дастан Конокбаев жолугушту. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан бүгүн, 27-январда маалымдашкандай, жыл сайын орун алуучу бул жолугушууда Кыргызстанда футболдун өнүгүшү тууралуу сөз болду.
Алгач эки тарап кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылык билдирип өтүштү. Анда Кыз-келиндер Лигасын өнүктүрүү, 17 жашка чейинки футболчулардын Лигасын ишке ашыруу жана алардын ири мелдештердин тандап алуу туруна катышуусу боюнча талкуу болду. Ошондой эле Футбол федерациясынын Маркетинг департаментинин жана мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн кызматкерлерин окутуп-үйрөтүү маселеси каралды. Жолугушуунун соңунда Ысык-Көл жээгинде футболдун өнүгүшүн жана кызматташтыкты бекемдөө максатында семинар өткөрүү сунушу айтылды.