Спортчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча кылмыштын бети ачыла элек. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде иликтөө жүрүп жатат. Муну бүгүн, 27-январда Чүй ОИИББинин башчысы Капар Батырканов маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Эске салсак, 2014-жылдын 27-мартында спортчу жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болгон. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык деп белгиленген.