Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте жөө адамды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-январда саат 11:00 чамасында болгон. Анда 9-кичи райондо жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанынан 48 жаштагы жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп алган белгисиз айдоочу окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Ар түрдүү жаракаттарды алган жабырлануучу №4-шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгына тиешеси бар айдоочунун өздүгүн тактоо боюнча бир катар иш-чаралар жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kopkok_betmin
2015-01-27 14:36:24
Суроту журок тушурот го
0
Rifle
2015-01-27 21:04:30
Видеорегистраторго тартылган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан