Сокулуктагы элдик жазалоо боюнча иликтөө бир жума аралыгында бүтүп, иш сотко жөнөтүлөт

Сокулуктагы элдик жазалоо боюнча иликтөө бир жума аралыгында бүтүп, иш сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январга караган түнү Сокулук районундагы Конуш айылынын тургундары 43 жаштагы Нурлан Амановду ур-токмокко алышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Тургундар маркумду “ар кимге зордук-зомбулук көрсөтүп жана 1972-жылы туулган Рустамбек аттуу айылдашын зордуктаган” деп айыпташкан.

Бул боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган. Бирок аларды райондук сот үй камагына чыгарып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан