Нарын облусунда айыл өкмөтү анын тынчын алган жаранды атып салганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Нарын ОИИБинин өткөн жылдын жыйынтыгына арналган жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 22-январь күнү Жумгал районундагы айыл өкмөттөрүнүн биринин башчысы Н.Б. аттуу жаран аны коркутуп, акча талап кылып келген, буга чейин 2 жолу сот жообуна тартылган М.С. аттуу жергиликтүү тургунду мылтык менен атып салган. Оор жаракат алган жаран аймактык ооруканадан каза болуп калган. Учурда ок чыгарган айыл өкмөтү убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.