Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча иликтөө иштери бүтүп, материалдар прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 27-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, прокуратура ишти карап, беш күндүн ичинде сотко же кайра карап чыгууга жиберет.
Эске салсак, өткөн жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алкановго Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз жана эки айым кармалган.