Бишкек шаарында тапанча менен коркутуп, унаа уурдаганга шектелгендер кармалышты

Бишкек шаарында Маевка айылынан тургунду тапанча менен коркутуп, унаасын уурдап кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 26-январда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар түнкү саат 03:00 чамасында аны тапанча менен коркутуп, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында борбордогу Ахунбаев жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинен шектүү унаа токтотулган. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, чогултулган материалдар Аламүдүн РИИБине жөнөтүлдү. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан