"Кыргызстанда сарыктын С түрү менен ооруган адамдардын саны 200 миңди түзөт. Алардын 40 пайызы ооруканалардан жуктуруп алгандар". Бул маалыматты бүгүн, 7-февралда ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева айтты. "Бул илдетке карата дарылануунун баасы эл үчүн кымбат болууда. Учурда арзан дарыларды алып келүү боюнча жолдор каралууда", - деп кошумчалады эл өкүлү.