Кыргызстандын “Азия Микс” КВН курама командасы Сочиде өткөрүлгөн “КиВиН-2015” 16-Эл аралык фестивалынын Жогорку Лигасынын командаларынын катарын толуктады. Бул тууралуу КВН Эл аралык биримдигинин расмий баракчасында маалымдалган.
Айта кетсек, фестиваль 12-январда Сочиде башталган. Ага жалпысынан 344 команда катышып, экинчи турга 72 команда өткөн. “Азия Микс” командасы 3-айлампада өнөрүн тартуулап, Жогорку Лигада ойной турган 20 команданын катарын толуктады. Фестиваль 25-январга чейин өткөрүлдү. Белгилей кетсек, “КиВиН-2015” 16-Эл аралык фестивалы 25-февралда старт алат.
Жогорку Лигага катышуучу командалар:
- Грузиянын курама командасы;
- "Радио "Свобода", Ярославль;
- “Омичи”, Омск;
- “МФЮА” курама командасы, Москва-Волгоград;
- “Сборная банкетных ведущих”, Татарстан Республикасы;
- Дагестан курама командасы, Махачкала;
- “Плохая компания”, Красноярск өрөөнүнүн курама командасы;
- Айыл чарба академиясынын курама командасы, Иркутск;
- “Хорошие друзья”, Минск;
- “С.У.Р.А”, Пенза;
- “Саратов”, Саратов;
- “Молодость”, Красноярск;
- “Экскурсия по городу”, Новосибирск;
- “Азия Микс”, Кыргызстан;
- “Спарта”, Астана;
- “Детективное агентство “Лунный свет”, Белгород;
- Мурманск шаарынын курама командасы;
- “Горизонт”, Москва;
- “Приоритет ДГТУ”, Ростов-на-Дону;
- Камызякск өрөөнүнүн КВН боюнча курама командасы, Астраханск облусу.