Ош шаарында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөсү кармалды. Бул айым буга чейин аталган уюмдун катарына жаш кыздарды үгүттөө менен алектенип келген.
Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, кармалган айым көп убакыттан бери кыздарды "Хизбут-Тахрирдин" катарына үгүттөп келген. Бул уюмга кошулган жаңы мүчөлөр да артынан башкаларды чакыруу менен алектеп жүрүшкөн. Учурда бул уюмдун мүчөлөрүн аныктоо иштери кызуу жүрүүдө.