Ошто жарандарга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны берген жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Ошто жарандарга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жоопко тартылмакчы. Аларга карата "кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан" деген айып тагылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери Ош шаарынын №210-кварталынын 1167-жер тилкесин эки жаранга мыйзамсыз беришкен. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан