8-февралда саат 10:00дө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен Биринчи Май райондук администрациясынын имаратында Бишкек мэриясынын “2012-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2013-жылга карата милдеттери” тууралуу коллегиялык жыйыны болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга Бишкек мэри Иса Өмүркулов, райондордун акимдери жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышат.