
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Кыргызстандын убактылуу кармоо жайлары менен түрмөлөрүндө отурган 6500 адам ачкачылык акциясын токтотушкан. Өлкөнүн төрт абагынан башка абактардын баарында ачкачылык акциясы жүргөн. Айрымдары оозун тигип, дагы бирлери колдорун кескилешкен. №1-тергөө изоляторундагылар 2012-жылы 16-январда болуп өткөн тополоңдо каза тапкан Нурбек Алымбаевди ким өлтүргөнүн таап, жазалоону жана ошол окуяны туура иликтөөнү, так маалыматты элге таратууну талап кылышкан. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кримчөйрө менен мамлекеттин күрөшү экенин баяндашкан. Ошол эле учурда абактагылар кримчөйрөнүн башчылары отурган камераларды ачык калтыруу талабын коюшканын №1-тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков билдирген.

* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы Франциянын 23-президенти
Николя Саркози Парижде туулган. 1959-жылы ата-энеси ажырашып, балдарды апасы тарбиялаган. Өзүнүн айткандарына караганда, бала кезинен эле жардылыгы үчүн басынып жашаган. Бирок ошентсе да амбициясы күч болгон. Бир жолу атасы менен болгон маегинде атасы "сн эч качан Францияга президент боло албайсың, мындай нерселер Америкада гана болот" деген экен, бул сөз Саркозини ого бетер чыйралткан. Ошентип, Николя Саркози 2007-жылдан 2012-жылга чейин Франциянын президенти болуп келген. Достору да, саясый оппоненттери да аны Сарко деп аташкан. Коомчулук анын саясий ишмердүүлүгүнөн да аялзатына болгон мамилесине өзгөчө көңүл буруп келишкен.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы Американын "Челленжер" космос кемеси Флорида штатындагы Канаверал булуңунан белгиленген убакытта абага көтөрүлүп, учкандан 73 секунд өткөн соң 14 чакырым бийиктикте жарылып, бир заматта ал жаркыраган булутка айланган. Кораблдин 7 экипажынын бири да мындай техногендик каргашадан аман калган эмес.