28-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -18°C
Талас облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -22°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -6°C, түнкүсүн -15°C
Баткен облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -15°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -14°C
Нарын облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -26°C
Бишкек шаары. Күндүз -6°C, түнкүсүн -17°C
Эскертүү!
28-январдан 30-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-км), Казарман - Ак-Тал-Чат (67-94-км, Кара-Көө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.