Бүгүн, 27-январда Австралияда өтүп жаткан футбол боюнча Азия чемпиондугунун экинчи финалчысы аныкталды. Үй ээси Австралия курамасы Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен кез келип, 2:0 эсебинде утуп алды. Үй ээлерин финалга алып чыккан голдорду Трент Сейнсбери менен Жейсон Дэвидсон жаратышты.
Кошумчалай кетсек, буга чейин жарым финалда Иракты утуп, Түштүк Корея финалга чыккан эле.
Финалдык беттеш 31-январда Австралия менен Түштүк Кореянын ортосунда болмокчу.