Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектеги Табалдиев көчөсүндө жайгашкан, аянты 15 чарчы метр бут кийим оңдоочу темир будканын ички жасалгасы жана бут кийимдер күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Өрт чыккан жерден 1976-жылы туулган А.Сериков аттуу жарандын күйгөн денеси табылып, 1-Май РИИБинин тергөөчүлөрүнө тапшырылды.