Талас. Облустагы Шекер айылында Ч.Айтматовдун 85 жылдык мааракеси белгиленет

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Кара-Буура районундагы Шекер айылында жазуучунун 85 жылдык мааракеси белгиленет. Мындай чечим жергиликтүү кеңештин депутаттары, жазуучунун жердештери жана туугандары тарабынан кабыл алынды. Мааракеге карата аткарылчу иш-чаралардын планы да бекитилди. Демилгечилер облус жетекчиси Койсун Курманалиевага жазуучунун мааракесин, облустук жана республикалык деңгээлде өткөрүү сунушу менен кат жөнөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан