Бишкек шаарында бир нече алдамчылык фактысына шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган айымдын үстүнөн бир нече арыз түшкөн. Жабырлануучулардын айтымына караганда, кылмышка шектүү айым алардын ишенимине кирүү менен ири суммадагы акчасын алып, изин суутуп кетчү. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.